• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Курулуп жаткан үй кулап, 3 адам жабыркаган окуя боюнча депутат Коргонбай уулу эмне дейт?

20 Чын куран 2022 14:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу Бишкектеги Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имарат тууралуу комментарий берди.

«Туура, аталган курулуш компанияда менин үлүшүм бар болчу. Саясатка барганга чейин өткөрүп бергем. Андыктан жооп бере турган өз кишилери бар. Кырсык каш-кабактын ортосунда. Кудай сактады, материалдык нерсе табылат. Ал эми өзүм сыртта болчумун. Мендеги маалымат боюнча, жабырлануучулар кенемтелерин алышып, дообуз жок деп жазып беришкен. Юстиция министрлигинен карасаңыздар кимге өткөрүп бергенимди табасыздар»,-дейт депутат.

Эске салсак, Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайга кулаганы боюнча кылмыш иши козголгон. Ленин райондук милициясынын тергөө кызматынын иликтөөсүндө аталган имаратты курууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталган.

27-мартта курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калып, үч адам жараат алган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандай, дубалы ураган үйдү «Кейжи Восток Сервис» аттуу компания куруп жаткан. Бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулунун аты аталган эле.

Количество просмотров: 439