• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Курулуш компаниясы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду

8 Бештин айы 2023 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулуш компанияларынын бири тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө келтирилген зыяндын орду мамлекетке төлөндү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 млн сомдук 1 коммерциялык жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан белгиленген максатка ылайык келбегендигине карабастан, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) иштеп чыккандыгы аныкталган. Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.

Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында “О” курулуш компаниясынын ээси – Т.И.А. мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду, ошондуктан Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-декабрындагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 393