УКМКнын Коррупция менен күрөшкөн кызматы курулуш тармагындагы системалык коррупциялык схеманы аныктады.
Комитеттин басма сөз кызматы бүгүн, 25-январда билдирген маалымат боюнча, ири курулуш компаниялардын бири узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген. Аны ошол тармактагы жогорку мамлекеттик кызматкерлер калкалап турушкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.