• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришти, үйдүн ичинде 8 жашар бала болгон

17 Баш оона 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

Ошто куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Анар кичи районунда жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин ичинде 8-жашар бала эшиги жабылып жаргыз калган тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тартылган куткаруучулар 3-кабаттын айнегинен кирип, эшикти ичинен ачып беришкен. Бала жабыркаган эмес.

Куткаруучулар баланын ата-энеси менен профилактикалык маек куруп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Количество просмотров: 263