Социалдык тармактарда каналга агып бара жаткан баланы аман-эсен куткарып, бирок куткаруучулар өзүлөрү сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда орун алган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, КР ӨКМдин «112 » байланыш түйүнүнө маалымат түшкөн эмес.
«Тактоо ишин жүргүзүүнүн натыйжасында коңшу Казакстан жана Өзбекстан өлкөсүндө да бул кырсык катталбаганы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.