• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз өкмөтү Мегакомду сатуудан эмнеге баш тарты?

23 Тогуздун айы 201816:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV
«Мегаком» компаниясы менчиктештирүү программасына киргизилген жок. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Ренат Түлебердиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы менчиктештирүү программасы өкмөт тарабынан бекитилип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бирок «Мегаком» компаниясы эмне себептен сатылбай турганы тууралуу түшүндүрмө бериле элек.

Алсак, Мүлк фонду «Мегаком» компаниясын бир нече жолу аукционго койгон. Бирок эч бир инвестор ага кызыкдар болгон эмес. Ал эми түз сатып алуу боюнча компанияга бир гана билдирүү болгон. Анын койгон талаптарына канааттанбай, фонд ал менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Количество просмотров: 41