Бишкек. 25.01.2018. Govori.TV.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалган үч адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосунда турган. Алардын үстүнөн кыргызстандык аял кайрылып, опуза менен 70 000 сом талап кылып жатканын билдирген.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Т.М. менен А.Ж., 1982-жылы туулган С.Ш. аттуу жарандар кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголгон.Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.