III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган “Кырчын” этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу катчылыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык , өлкөбүздүн ар бир облусу 11ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо. Ошондой эле облустардан сырткары эки чоң шаар Бишкек, Ош да өз боз үйлөрүн тигишет.
Жоопту режиссер III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коомдук бирикмелердин жана уюмдардын кызыгуулары чоң экендиги дагы белгилүү болду. Алар да оюндун маданий программасынын алкагында өткөрүлүүчү ар кайдай конкурстарга катыша алышат.
Ал эми Кыргызстандын бардык облустардын маданий программасын уюштурууга жооптуу, режиссер Зарылбек Молдобакиров ““Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз дүйнө”, “Ак элечек апалар”, “Кыргыз жери” жана башка бир катар бирикмелер 18ден 20га чейин боз үй тигишет деди.
Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилээрин, жалпысынан 1000ден ашуун боз үй болоорун кошумчалады.