• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024
Сүрөт: Азаттык

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

4 Чын куран 2018 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018.Govori.TV

Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул туурасында чек ара кызматынын басма сөз борбору Govori.TV сайтына билдирди.

«Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Чек арада жашап жаткан жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат» -дейт басма сөз борборунан.

Мындан сырткары бүгүн 4-апрелде  Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугушат. Учурда чатактан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген, анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган. Жаңжалда автоунаа жана үйлөргө да зыян келтирилгени айтылды. Бирок алардын саны тууралуу так маалымат бериле элек.  Мындан тышкары тажик тараптан бир чек арачы жабыркаганы тууралуу айтылган.

Эске сала кетсек, кечээ 3-апрелде Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыгып Кыргызстандын бир жараны жеңил жараат алып, ооруканага жаткырылган. Чек арадагы чыр  саат 16:30дар чамасында чыккан. Анда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа Аъло айылынын жарандары жаңжалдашкан.

Количество просмотров: 14