• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргыз тилине күйгөн түрк жараны Казакстандык авиакомпанияны сотто утуп алган

19 Үчтүн айы 201814:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.01.2018.Govori.TV

Кыргыз тилине күйгөн Огуз Доган борт кызматкерлери казакча билбеген AIR ASTANA авиакомпаниясын сотко берип утуп алган.

«365kz» маалымат агентиги өткөн 2017-жылы  22-декабрда “казак тилин билбеген AIR ASTANA авиакомпаниясы тарыхый сотто жеңилди”,-деп жазып чыккан.

Маалыматка караганда AIR ASTANA авиакомпаниясынын кызматын колдонгон Огуз Доган борт коштоочуларына казакча сүйлөп, казакча жооп берүүсүн талап кылган. Бирок, эч кимиси казакча билген эмес. Мындан улам Огуз Доган авиакомпанияны сотко берип, Алматы шаарынын соту авиакомпанияны бүткүл казак элинен кечирим суроого жана кызматкерлерин казак тилин билүүсүн милдеттендирген.

Андан тышкары компания Огуз Доганга символикалык түрдө 1 тенге төлөп берген.

Сотто төрагалык кылган Айгүл Турсагулова авиакомпаниянын борт коштоочуларын мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин текшерүү үчүн сотко чакырып, алардын казак тилин билүү дэңгээлин көрүп таң калган.

“AIR ASTANAнын бир дагы стюардессасы казакча сүйлөбөйт экен. Казак эли бул сот чечими менен макул деп ишенем”,-деп айткан сот.

Эске салсак, Огуз Доган Кыргызстандагы «Чуңкурчак» кышкы эс алуу жайына келип, кыргызча кызмат көрсөтүүнү талап кылган видео кечээ жарыяланган. Огуз Доган «Чуңкурчак» кышкы эс алуу жайын мамлекеттик тилде кызмат көрсөтпөгөндүгү үчүн сотко береби же жокпу белгисиз.

 

 

 

Количество просмотров: 37