Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары чекралаш Өзбекстанга эркин өтүп жана соода-сатык кылуусуна шарт түзүлдү. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин орун басары Асанова Мээрихан Govori.TV билдирди.
Анын айтуусунда эки мамлекеттин жетекчилери менен иш-чаралар жакшы деңгээлде уюштурулгандыктан, учурда жолдор ачылып, Өзбекстанга жарандарыбыз эркин өтүп калышты.
Ал «Кадамжай району Өзбекстан менен чекаралаш болгондуктан жана эки өлкөнүн жетекчилери менен иш-чаралар жакшы деңгээлде уюштурулгандыктан, азыр жолдорубуз ачылып, Өзбекстанга биздин жарандарыбыз эркин өткөнгө шарт түзүлдү»-дейт.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда соода жасоо маселеси дагы кыйла жакшыргандыгын кошумчалады.
«Кадамжай районундагы эң чоң базарларыбыздын бири «Халмион» базарында да жакшы соода жүрүп жатат. Анткени Өзбекстандын жарандары үй-тиричилик техникаларды алып келип, биздин соодагерлердин ишин кыйла жакшыртты. Ошондой эле, Өзбек базарчылары бизден идиш- аяктарды, үй эмеректерди жана кийимдерибиздин сапаты жакшы болгондуктан, Өзбекстанга алып барып, өздөрүнүн базарларында сатышууда»-дейт Кадамжай районунун акиминин орун басары Асанова Мээрихан.
фото:Спутник