• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кыргызстан Нидерланда өтүп жаткан дүйнөлүк көргөзмөгө катышууда

11 Үчтүн айы 201811:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18.Govori.TV

Учурда Нидерлан өлкөсүндө жыл сайын өтө турчу дүйнөлүк туристердин көргөзмөсү өтүп жатат. Ал эми Кыргызстан алгачкы жолу бул көргөзмөгө катышып жаткан кези.

“Бул көргөзмөгө катышып жаткан өлкөбүздүн чыгармачылыгын колдоп, алгачкы жолу мындай масштабдуу түрдө өтүп жаткан дүйнөлүк көргөзмөгө катышып жатам. Бул жерден Кыргызстаныбыз улуттук аспабы, эзелтеден келген элибиздин элдик ырлары, күүлөрү жана улуттук көйнөгүбүз менен өзгөчөлөнүп турду.Биздин презентациябыз учурунда көчмөндөрдү реклама кылып Кыргызстанды тааныткан соң төкмө акын Кубат Тукешов аңглис тилин аралаштырып төгүп,  мен кыргыз анан албетте “Маш ботойду” ойнодум.Бул көргөзмдөн соң Франция, Бельгия жана Германия жергесиндеги мекендештерге барып концерт коюбуз даярданып жатабыз”-дейт ырчы  Үмүтай Абышова.

 

Белгилей кетсек , бул иш чара “Vakantiebeurs” эс алуу жарманкеси деп аталып ага  катышуу үчүн дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн келишкен. Көргөзмөгө келген агенстволордун стенддери бата турган имаратка 110 миңден ашуун көрүүчү келип катыша алат.

 

Количество просмотров: 35