• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргызстан фракциясы: Казакстанда кармалган депутаттын күнөөсү жок

19 Бирдин айы 2018 13:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.02.2018. Govori.TV

«Кыргызстан» фракциясы чукул жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы боюнча фракция билдирүү таратты.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок. Парламенттик фракция Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетенттүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз», — деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстандын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген, деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын» маалымдаган. Өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Анын ичинде Кыргызстандын төрт жараны бар болгону жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да кабарланган.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Алматы шаардык соту депутат Асылбек уулу Дамирбек баштаган кыргызстандык жарандарды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

 

Количество просмотров: 22