• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Иранга 500 тонна кой этин экспорттойт. Алгачкы партия жолго чыкты

16 Бирдин айы 2018 8:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV
Кыргызстан Иранга эт экспорттоону жаңы нукта уланта баштады. Бул тууралуу Атамекендик Өндүрүшчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегембаев билдирди.

Анын белгилешинче, эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 500 тонна этти экспорттоо боюнча келишим түзүлүп, жергиликтүү өндүрүшчүлөр анын алгачкы партиясы 56 тонна этти жөнөтүүгө даярдашкан.

“Азырынча кой этин экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. 2010-жылы биз Ирандагы кой этине болгон талаптын 30 пайызы камсыз кылганбыз. Андан соң бизде хахал стандарттары боюнча маселелер чыгып, заманбап касапкананы жоктугу, өндүрүштүк муздаткычтардын аздыгы сыяктуу иштерден акчап калганбыз. Ортодогу  тыным алган убакта биз ошол кемчиликтерибизди жойдук, ишкерлер халал стандарттарына төп келген качапкана курду, КРнын экономика министрлигин халал индустриясы боюнча бөлүмү Дин иштери боюнча Башкармалык менен бирге өздүк халал стандарты иштеп чыкты”,-дейт ал.

Ал белгилегендей, ошентип Иранга этти экспорттоонун жаңы барагы ачылып, Кыргызстанга Ирандын экономика, саламаттыкты сактоо министрилигинен, санитардык жана ветеринардык кызматтарынан келген өкүлдөр жергиликтүү эт өндүрүүчүлөрдүн ишине мыкты деген баа берип, этти экспорттоого жол ачышкан.

 

Эске сала кетсек, өткөн жылы Бишкекке чукул Лебединовка айылан “Торо” компаниясы заманбап, халал стандарттарга жана ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келген касапкана курган болчу. Бүгүнкү Иранга эт экспорттоону да ушул компания ишке ашырып жатат.
Количество просмотров: 41