Бишкек.18.01.18.Govori.TV
2017-жылы Кыргызстандын 12 жараны паспортунда «жынысы» деген пунктту өзгөртүү боюнча арыз берип, алмаштыган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
«2017-жылы кыргызстандык 12 жаран паспорттогу жынысын өзгөрттү. «Жарандык актыларды каттоо боюнча” мыйзамдын 72-беренесине ылайык жынысын алмаштырган адамдар паспортунда «жынысы» деген пунктун жана фамилиясынын аягындагы “-ова”, “-ева”, “-ов”, “-ев” деген жерлерин өзгөртүшү керек болот. Кайрылган жарандардын медициналык аныктамалары туура болгондуктан алардын жынысы өзгөртүлдү» -дейт басма сөз борбору.
Мындан сырткары, маалыматта жынысын өзгөрткөндөрдун канчасы эркек, канчасы аял экени жазылган эмес.