• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти. Ат-Башыда милиция мас абалында жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Соңку жаңылыктар 18.07.18.

18 Теке 2018 16:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV

Ош жаңы мэрлүү болду 

Ошто мэрди шайлоо өнөктүгү өттү. Шаардык кеңештин депутаттары Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин колдошту. Маалым болгондой, Таалайбек Сарыбашовго 44 киши добушун берип, бирөө каршы болду. Эске салсак, мурунку мэр Айтмамат Кадырбаев өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти

Кыргыз өлкөсүндө кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кызылча оорусу Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө көп катталууда. «Кызылча оорусун жуктуруп алгандардын 43 пайызы 1 жашка чыга элек балдар. Ооругандардын 17,6 пайызы эмделбеген балдар экени аныкталган. Бул илдеттин көбөйүшүнө ата-энелердин балдарын эмдөөдөн өткөрбөгөндүгү дагы себеп болууда», — дейт басма сөз кызматы.Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө 2015-жылы кызылча эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун адам бул илдетке чалдыккан.

Милиция мас абалында жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти 

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында мас абалдагы айдоочу жергиликтүү тургунду сүзүп кетти. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 12-июлда саат 15:30 чамасында Ат-Башы айылынын борборунда жайгашкан «Береке» базарынын жанында катталган. Анда «Тойота-Виндом» унаасын Ат-Башы айлынын 1952-жылы туулган тургуну К.Ж. башкарып бара жаткан. Ал аталган базардын жолунан түндүктөн түштүк тарабына өтүп бара жаткан Ат-Башы айылынын 29 жаштагы тургуну Н.Б.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми айдоочу мас абалда болгондугу жана ал мурда милиция кызматында эмгектенип, учурда пенсиядагы милициянын ардагери экендиги аныкталган. Жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 10