Бишкек.05.02.2018.Govori.TV
Түштүк Кореяда өтө турган кышкы оюндар Олимпиадасына Кыргызстандын атынан эки спортсмен катышат. Бул туурасында мамлекеттик спорт агенттигинен билдиришти.
Анда кышкы спорттун «слалом» деп аталган түрү боюнча Евгений Тимофеев катышса, классикалык спринт боюнча Тариэль Жаркымбаев ат салышары жазылган.
Мындан сырткары, Кыргызстандын желегин спортчу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат. Делегациянын курамында эки спортсмен, эки машыктыруучу жана КР Улуттук олимпиада комитетинен эки өкүл бар. Спортчулардын чыгымы Улуттук олимпиада комитетинин эсебинен каржыланат.
Белгилей кетсек, спортсмендер быйыл жай айларында атайын Европадан даярдык көрүп келишкендиктен аларды алдыңкы күчтүү 40 спортсмендин катарына кошулушат деп тилек кылышууда.