• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев иштен кетти

8 Үчтүн айы 2018 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.01.2018. Govori.TV.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев өз арызынын негизинде кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Үмөталиев ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоодо кетирген катасы үчүн кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган. Санжар Үмөталиев бир эле учурда өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болуп иштечү. Өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалагандай, Үмөталиев менен кошо аппараттын 3-4 кызматкери да иштен алынды.

Бүгүн, 8-январда премьер-министр Сапар Исаков ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча өз милдетин так аткарбаганы үчүн экономика министри Артем Новиковго жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыялаган.

Эскерте кетсек, 30-декабрь Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга топтолушуп, Президент Сооронбай Жээнбековдун каршы пикири менен кайтарылган “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулашты.

Дал ушул катаны оңдош үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулганы эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирген. Айрым депутаттар өкмөткө жооптуу аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылышкан.

Жыйында вице-премер министр Дайыр Кенекеев баяндама жасап, “Мыйзам долбоорундагы кетирилген кимчиликтерди мойнубузга алабыз. Бул боюнча тиешелүү адистер жоопкерчиликке тартылат”-деди.

Депутат Исхак Масалиев бул одоно катачылык экенин белгилеп, “Бул боюнча майда барат чиновниктердин эмес. Министрлердин жоопкерчилигин карашыбыз керек”-деп сунуштады.

Кесиптешинин сөзүн депутат Эмиль Токтошев кубаттап. “Бизди бүткүл дүйнөгө уят кылган министрлер жоопкерчиликке тартылуусу керек. Анткени мындай катачылыктар кайталанбашы зарыл”-деди.

Эл өкүлдөрү мыйзамды кайрадан шашылыш талкуулашып, колдоп беришти

Количество просмотров: 4