• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кеңешбек Дүйшөбаевди сот залына көтөрүп келишти

14 Бугу 2024 16:58 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши 14-майдагы соттук отурум тергөө абагында жаткан саясатчы, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди сот залына көтөрүп келишти. Бул тууралуу Кемпир-Абад ишинде айыпталуучулардын бири Клара Сооронкулова соцтармак баракчасына видео жарыялады.

Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова да фейсбуктагы баракчасына жазган.

Санаалаштарынын айтымында, анын кан басымы жогорулап, канындагы канттын көрсөткүчү көтөрүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев прокуратурага арыз менен кайрылганын, анын жактоочусу Акын Авазбековдун айтымында, Дүйшөбаевди соттук жараянга күч менен алып келишкен.

Количество просмотров: 289