• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Олжобай Шакир 5 жылга эркинен ажыратылды

14 Бугу 2024 16:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди 5 жылга эркинен ажыраты.

Ишти караган судья Бактияр Матраимов.

Ал эми Олжобай Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев чечим менен макул эмес экендиктерин айтып, райондук соттун өкүмүнө каршы арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрыла тургандыктарын билдирди.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Олжобай Шакирди коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга кесүүнү суранган.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза» кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 70