• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Олжобай Шакирге өкүм чыгышы күтүлүүдө

14 Бугу 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча сот отуруму уланды.

Ишти караган судья Бактияр Матраимов. Отурумду видеого тартууга уруксат берилген жок.

Маалым болгондой, бүгүнкү отурумда соттолуучуга акыркы сөз берилип, соңунда өкүм чыгары күтүлүүдө. Аламүдүн райондук сотунун алдына жазуучуну колдоп жакындары, кесиптештери келди.

Олжобай Шакир жараянда акыркы сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Урматтуу сот менин маселемди юридикалык рамкадан кароодон тышкары тарыхый мерчем менен да карагыла. Тагдырым темир тор артында кандай чечилет ага кайратым жетет. Үй камагына чыгарыма көзүм жетет. Тилектешттик менен кызматташалы. Бийликке кол кабыш кылалы бирок далыга таптап кошомат кылуу менен эмес. Мен бул процессти эл аралык деңгээлге жеткирем», — деди Олжобай Шакир.

Азыркы тапта судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөгө кирип кетти.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Олжобай Шакирди коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга кесүүнү суранган.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза» кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 84