• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргызстанга киргизилбеген журналист Дубайга депортацияланды.

11 Бештин айы 2017 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.12.2017   Govori.Tv

Франсс Пресс агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга кайра депортацияланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын кесиптеши Толкун Наматбаева билдирди.

Дубайдан Риклтон Франсс Пресстин Казакстандагы кеңсесине барууну пландап жатат. Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга кире албай калганын 9-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киргизет деп үмүт артарын айткан. Ал Фейсбуктагы кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.

Количество просмотров: 5