• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызтандыктар Курман айт майрамына карата 4 күн эс алышы мүмкүн

15 Баш оона 2018 9:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги курман айт күнүнө карата 4 күн, тагыраак айтканда 18,19, 20,21- августта алууну сунуштоодо.

Аталган министрлик Курман айтка байланыштуу 20-августка туш келген дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которуу тууралуу документ иштеп чыккан. Иш күнү эки эс алчу күндүн ортосуна туш келгендиктен министрлик аны кийинки дем алышка которууну сунуштайт.

Эгер өкмөт дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которсо, кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат.

Буга чейин муфтият Курман айт 21-августта (шейшемби) белгиленерин маалымдаган.

Министрлик документ азырынча өкмөткө макулдашууга жөнөтүлө электигин кошумчалады.

Количество просмотров: 6