Бишкек.25.01.2018.Govori.TV
Өлкө аймагында 26-29-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, 2018-жылдын 26-январында абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -21…-26°, күндүз -11…-16° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -22…-27° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -35…-40°, күндүз -25…-30° суук болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.
27-29-январда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.
Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.