• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кызына келген жигитти жоон топ бала ур-токмоко алган (видео)

6 Чын куран 2018 18:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06. 04.2018. Govori.TV

Окуя 4-апрель күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бостон айылында болгон. Кызы менен сүйлөшүү үчүн кошуна айылдан келген 23 жаштагы жигитти, Бостон айылынын жергиликтүү жаш балдары ур-токмоко алган.

Маалым болгондой, окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», — деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түштү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Жеңиш Ашырбаева учурда кылмыш иши козголуп, тасмадагы балдар издөөгө алынгандыгын билдирди.

Турмуш сайты билдиргендей, ушул  эле айылда 30-мартка караган түнү окшош окуя болуп, сүйгөн кызына жолугууга барган 32 жаштагы жаран айылдык эки жигиттин ур-токмогунан каза болду.

Маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан кечээ, 5-апрелде көз жумду.

Видео super.kg порталынан алынды.

 

Количество просмотров: 32