• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыйноого айыпталган тергөө абагынын мурдагы 12 кызматкери соттолду

15 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Анжиян облустук соту шектүү Санжарбек Мамажоновдун өлүмүнө алып келген тергөө абагындагы кыйноо иши боюнча жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын мурдагы 12 кызматкерине карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, алты киши төрт жылга эркинен ажыратылса, дагы алтоо, анын ичинде тергөө абагынын башчысы үч жылга соттолду. Ошондой эле өкүм менен 10 айыпталуучуга бир жарым жыл, дагы экөөнө бир жыл укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салынды.

Мындан тышкары Мамажоновду камерада сабаган камактагы Жасурбек Усманов төрт жыл бир айга эркинен ажыратылды.

Соттун маалыматына караганда, тергөө абагынын кызматкерлери 2022-жылы мартта 32 жаштагы шектүү Санжарбек Мамажоновду кыйноого алып, катуу сабаган. Андан кийин ага медициналык жардам көрсөтпөстөн, камерага киргизишкен. Ал жерден шектүү кайра сабалып, үч жарым сааттан кийин каза болуп калган.

Экспертиза маалында маркумдун денесинде жана башында көптөгөн жаркаттар аныкталган.

Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Өзбекстан Кыйноого каршы конвенциянын катышуучусу болуп эсептелет. Бирок укук коргоо уюмдары өз баяндамаларында аймактагы өлкөлөрдө документтин уставы аткарылбай турганын белгилеп келишет: камактагы адамдар катаал мамиледен жана кемсинтүүнүн башка түрлөрүнөн корголгон эмес.

Количество просмотров: 86