• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кыйноого кабылганын айткан Айжигитов президентке кайрылды

5 Бугу 202523:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов жубайы Гүлзат Жолдошова менен УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан кыйноого жана ур-токмокко алынганын айтып президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокурорго арыз жазышты.

Алардын кайрылуусун журналист Лейла Саралаева өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.

“Бизди кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлери төмөнкүдөй кыйноолорду колдонушту: алар менин колумду катуу таңуу менен байламдарымды үзүп, биротоло майып кылып, узак мөөнөткө кыймылсыз кылууга мажбурлашты. Алар менин аялымды да ушундай кылышкан, 100 килограммдык ден соолугу чың УКМКнын кызматкери аялымдын үстүнө отуруп алган.
Мени УКМКга алып келишкенде улам-улам сунуштап жатып суу ичиришкен. Аны ичкенден кийин кан басымым кескин төмөндөп, 60/40 ВР болуп кетти.
Биринчи Май райондук сотунун сот залында эс-учум жоготконго чейин жеткиришти.
Бул сууда жүрөктүн токтоп калышына алып келген зат бар экенин божомолдосо болот. Мен аран гана аман калдым деп ойлойм”- деген ал.

Айжигитовдун айткандары боюнча азырынча атайын органдар жооп бере элек.

Эске салсак, 30-апрелде УКМКнын кызматкерлери Айжигитовду аялы Гүлзат Жолдошова менен кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кашы жарылган, аялы экөөнүн колу көгала экени тартылган сүрөттөрү соцмедиага чыкты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Боршайком мандатынан ажыраткан Айжигитов жана анын жубайын кармоо учурунда денесинен жаракат алды деген маалыматтарды четке какты. Ал 1-майда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда тартылган деген видеону жарыялады.

УКМК Айжигитовго жана жубайы Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат Айжигитов жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.

Количество просмотров: 1718