Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору Бакыт Рысалиев УКМКнын тергөө изоляторунан кабар алды. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар бир камера кароого алынып, экс-премьер-министр Темир Сариев, ЖАМК биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев менен баарлашуу болгон.
«Кыйноолор же кармоо шарттарына карата кармалгандар тарабынан арыз-даттануулар айтылган жок», — деп айтылат маалыматта.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөр» боюнча тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдер боюнча мурунку премьер-министр Темир Сариев кармалып, тергөө изоляторуна киргизилгенин 3-августта кабарлаган.