• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сариев Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болду

19 Бештин айы 2022 14:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев төрага болуп шайланды.

Жыйында талапкерлер өзүнүн программасы тааныштырышты.

Эске салсак, 15-декабрда палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган.

Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана
“Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 123