• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Кыйраткансып дайыма командировкада». Депутат Талиева Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды

21 Тогуздун айы 202416:09 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Камила Талиева Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин дарегине нааразы пикирин айтты.

Депутат 21-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөп Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иши жетекчиден көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында департаменттин иши ылдыйлап баратат.

«Саламаттык сактоо министрлиги Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун өз карамагына алды, биз макул болдук, реформанын жыйынтыгын көргүбүз келди, бирок бул жерде 2025-жылдын бюджети талкууланып жатат, министр жок. Ал экинчи жолу министр болду. Биринчи жолу кызматта жүргөндө кетирген кемчиликтерин оңдойт, элди ойлойт деп ойлогом. Сапаттуу кызмат алдык деп эч кимден уккан эмесмин, баары эле арызданышат», — деди депутат.

Количество просмотров: 237