• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыйын: Аялдардын коомдогу орду кандай болуш керек?

7 Жалган куран 202318:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Аялдардын коомдогу орду кандай болуш керек?» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Дилфуза Атабаева – Кара-Суу шаардык аялдар кеңешинин төрайымы, Замира Төлөева Калба айыл өкмөтүнүн башчысы.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова жана Аскер Сакыбаева.

Количество просмотров: 701