• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

Кыйын: Бала болуп, балалуу болгон тагдыр

21 сентября 2022 в 18:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Бала болуп, балалуу болгон тагдыр» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Кызжибек Кеңешбек кызы — ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде кожвенерология сабагынан мугалим, Ырыскан Эрматова-жарандык активист, Айжан Жусупова — М. Жусупов атындагы орто мектепте англис тили сабагынан мугалим, Нургүл Бейшеева- «Бактылуу үй-бүлө-ийгиликтүү коомчулук» долбоорунда көзөмөлдөө адиси.

Количество просмотров: 735

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда