• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: CHAT GPTнин доору. Интернеттин бизге болгон таасири

12 Бугу 202616:15 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «CHAT GPTнин доору. Интернеттин бизге болгон таасири» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  1. Нүргүл Ысакова — Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары, жеке ишкер,
  2. Ыкбалкан Айтматова — Аялдар демократиялык тармагынын Ош облусу боюнча жаштар канатынын координатору. Араван району Достук айыл өкмөтү. Жеке ишкер
  3. Кутманай Курванали кызы — Ош билим институтунун методисти, “Жаш мугалимдерди колдоо” долбоорунун негиздөөчүсү

Модератор — журналист Даяна Данияр кызы.

Количество просмотров: 1584