• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыйын: Чечилбеген чек ара көйгөйү, миграцияга агылган жаштар

16 Аяк оона 2022 18:04 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Чечилбеген чек ара көйгөйү, миграцияга агылган жаштар» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Далида Карабаева — жеке ишкер, Мадина Тажибаева — ТЭНСАЙ өнүктүрүү борборунун менеджери.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова, Замира Кожобаева.

Белгилей кетсек, Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп айыптаган. Анда «Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын» белгилеген.

Маалыматтар боюнча, кагылышууга Тажикстан тараптан белгисиз формадагы кийимде жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык экендигин тастыктаган белгилери жок адамдар катышкан. Ошондой элетажик тарап бир гана оор техниканы эмес, чек арага жакын жашаган тургундарды “тирүү калкан» катары колдонуп жатканы айтылган. Чек ара кызматы тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алганы тууралуу маалымат тараткан.

Эки өлкөнүн президенттери бүгүн, 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтында жолугушту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну токтотконун, чек арадагы кырдаал саат 17:00гө карата дагы эле чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 643