• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыйын: “Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду жок кылат

26 Тогуздун айы 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Депутаттар кечээ жакында «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Бул арада Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

“Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду жок кылат деген темадагы талкуунун катышуучулары:

Толекан Исмаилова — “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун директору;

Таттуубүбү Эргешбаева — юрист.

Модератор: Кайыргүл Урумканова.

Количество просмотров: 449