• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Диплом билимдин кепилдиги боло албайт

6 Бирдин айы 202418:00 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. 

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Диплом билимдин кепилдиги боло албайт» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Мээрим Асанбекова — Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин окутуучусу; Раиса Самалбекова — Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө мугалим.

Модератор: Кайыргүл Урумканова жана Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 617