• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Эмне үчүн кыргыз эне тилинде сүйлөгүсү келбейт?

27 Баш оона 202418:10 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Эмне үчүн кыргыз эне тилинде сүйлөгүсү келбейт?» деген тема талкууланат.

Катышуучулар:

  • Нуржан Алмерекова — Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу;
  • Эльзада Турдубаева — Орусиядагы кыргыз диаспорасынын аялдар кеңешинин алдында түзүлгөн жаштар канатынын координатору;
  • Жанна Орумбаева — жарандык активист.
Количество просмотров: 663