«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Эне тилдин эртеңи» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Элизат Байгараева — Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинет башчысы; Кымбат Шаймергенова — Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты; Жылдыз Дуйшенова — «Өлкөнүн келечеги» коомдук фондунун жетекчиси.
Модератор: Замира Кожобаева.