• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыйын күндөр артта калды. Дарыгерлердин кезектеги тобу көлгө жолдомо алды

21 Баш оона 2020 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-августа 270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлдө эс алууга жөнөтүлдү. Алар ордо калаанын, Талас, Нарын облустарынын медициналык мекемелеринде COVID-19 илдети менен күрөшүүгө салымын кошкон адистер.

“Илдеттин очогунда иштеген саламаттык сактоо тармагынын бардык адистерине Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашуун кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы. Ысык-Көлдүн таза абасы, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлерибизге пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, — дейт ден соолукту өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев.

Жолдомого ээ болгон саламаттык сактоо тармагынын адистери “Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышмакчы.
Саамалык илдеттин очогунда эмгектенген медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү максатында, өкмөттүн колдоосу алдында ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 380