Кыргызстанда дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Сурабалдиеванын айтымында, Кыргызстанда дарыгерлердин жалпы саны 13 миң 709ду түзөт.
«Анын ичинен 22 пайызы пенсия курагында. Бүгүнкү күндө Чүйдө 204, Жалал-Абад облусунда 166, Ош облусунда 154, Бишкекте 169 дарыгер жетишпейт», — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле вице-премьер медкызматкерлерди, жана ыктыярчы дарыгерлерди кайра окутуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.