«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Кыргыздын нукуралуулугун сактоо, келечекке өткөрүү» деген тема талкууланат.
“Кыйындын”катышуучулары:
Талкууда айымдар кыргыздын нукуралуулугунун түп нускасын сактоо, аны өркүндөтүү жана келечекке өткөрүп берүү маселеси тууралуу сөз болду.
Перизат Багышеванын айтымында кыргыздын ар бир салты, үрп-адаты, кийим-кечеси, ар айтылган сөзү да чоң жана терең мааниге ээ болгонун айтат.
«Кыргыздын жүзүн кантип тааныса болот? Кыргыздын кыргыз экенин каяктан билебиз? Кыргыздын кыргыз экенин эң биринчи тилинен билебиз, анан өңүнөн билебиз, маданиятынан, боз үйүнөн, оозеки чыгармачылыгынан, кол өнөрчүлүгүнөн, улуттук оюндарынан тааныйбыз. Кыргыз эли илгертеден эле өтө акылман эл болгон экен да, кат сабатты жоюла электе эле кандай чыгармаларды жаратышкан. Мисалы Жеңижок акын бир гана аккан суу деген чыгармасын жети күн жети түн бою айтып ырдаган. Анан ошол чыгармалар менен балдарды тарбиялашкан, адамдарды тарбиялашкан. Кол өнөрчүлүгүн эле алсак, жүндөн шырдактарды жазап, андан тышкары жүндөн эле эмне деген буюмдарды жазашкан. Ал эми кийимдер жөн эле кийим катары адамдын жөн эле сырткы келбетин эле жаап турбастан, ар бир элементтин өз мааниси болгон. Алсак, кыргыздар илгертеден төрт муунду өзүнчө бөлүп кийиндиришкен, мисалы кичинекей жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап… Ал эми чач өрүмүнөн кыздардын жаш курагынаныкташса, калпактын оюмдарынан анын өңүнөн чекесиндеги кыюуларынан дагы ошол жигиттин жаш курагын билишкен. Мисалы элечекти алалы, элечекти кийгенде адам өзүн мындай түз алып жүрөт экен анан анын тарбиялык мааниси да зор экен, ал элечекти кийип алып сенин бирөөгө жаман сөз айткын келбейт», — деди ал.
Нарктуулукту келечекке өткөрүү өтө маанилүү иш экенин баса белгилеген Бегайым Мамбетова бул багытта аткарылып жаткан өзунүн аймагындагы иштер тууралууайтып берди.
«Мен өзүм бала бакчада иштегендиктен биз ушу этно группа деп ачканбыз, атайын ал жакта ушул кичинекей наристелерден баштап балдарыбызга унутуп калбасын деп аракет кылып түрдүү иш-чараларды өткоруп келебиз. Мисалы балдарга чүкөлөр менен ойногонду үйрөтсок бардар тарабынан бир топ кызыгуулар болду. Мурунку ордо оюну, чүкө таламай, кан таламай деген оюндардын бардыгын ошол бакчадан үйрөтүп атабыз. Ал эми кыздарыбызга болсо атайын ошол уяң жүндөн жасалган алардын түстөрүн ар кандай түскө боюп ошолор менен шууру жасаганды сөйкө жасаганды көрсөтөбүз ошондой эле сайма сайганды үйрөнүп жатышат. Дагы ушул жакын арада эле дагы бир жаңылык киргиздик чий сокконду, бул балдарга аябай кызыктуу болот экен менин ташым астыга кетти сеники артка кетти болуп ойношот. Баалуулуктарды балдарга үйрөтүү маанилүү», — дейт ал.
Ал эми Зарема Урдолотова кыргыздын нукуралуулугун сактап жана аны келечекке өткөрүү менен бирге эле, башка өлкөлөргө таанышуу да зарыл дейт.
«Менен ошол ишканамдан аты «Умида бренд». Жашоодо бир гана колдонучу эмес жаратчу болуш керек экен деп ойлойм. Баягы бир эле колдонуп, даяр кийимдерди кийип баягы Турция, Италия депчи, бирок ошол биздин эле айымдар эмес чет эдик айымдар да биздин көйнөктөрдү кийсе деп кыялданам. Биз ушундай көйнөктөрдү тигип, аны болушунча ыңгайлуу, күнүмдүк кие тургандай кылып тиксек жакшы болмок. Биз патриоттук сезим менен ошол кийимдерди тигип жатабыз, анткени биз өзүбүздүкүн көтөрүшүбүз керек экен», — деди ал.