• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Кыргызстанда суу бар, бирок өзүбүзгө жетпейт

27 Аяк оона 202218:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Кыргызстанда суу бар, бирок өзүбүзгө жетпейт» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Мээрим Молдалиева — Байзак айылдык кеңешинин төрайымы, Бегимжан Молдобаева — Кара-Коюн айыл аймагынын депутаты.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова, Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 655