“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келди.
Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Медиктерге болгон коомдун жана мамлекеттин мамилеси» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Беловодск айылдык кеңешинин депутаты Наргиза Оркошова, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан келген Бубатма Кадырбаева.
Модераторлор: Таалайгүл Токтакунова, Кайыргүл Урумканова.