“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.
Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Миграция маселеси. Жаштар Кыргызстанда калып иштесе…» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Далида Карабаева — жеке ишкер, Адеми Орозалиева — юрист.
Модераторлор: Кайыргүл Урумканова, Замира Кожобаева.