“Кыйын он-лайн” көрсөтүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында коронавирус илдети менен күрөш Чүй облусунда кандай жүрүп жатканы тууралуу сөз болмокчу.
Ал эми “Кыйын он-лайндын” бүгүнкү катышуучулары Элеонора Сыйданова — Беловодск айылдык кеңешинин депутаты жана Нургуль Усеинова — Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты.
Белгилей кетсек, бул чыгарылыш «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 – Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну “Govori.TV” уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын билдирбейт.