• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар Мадумаровдун кармалышын иликтебейт. Чүйдө күйөөсү аялын бычактады

20 Аяк оона 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

АЙРЫМ АЙМАКТАРДЫН АТЫ АЛМАШАТ

Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Бул багытта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору(Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешов калктуу конуштардын макамынын өзгөрүүсү менен ал жерде жашаган тургундардын өздүк документтерин алмаштыруу жагдайына да көңүл бурду. Ал эми депутат Русланбек Жакышев айыл статусун алган конуштарды тандоо категориясына кызыгып, Талас облусунун Бейшеке айыл өкмөтүндөгү статус албай жаткан калктуу конуштун көйгөйүн көтөрдү. Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты.

УНДУН БААСЫ

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, министрлер кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, КР Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте унду тегирмендердин баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду. Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев учурда ата мекендик ундун 1 мүшөгү 1400-1500 сомдон сатылып жатканын, баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Белгиленгендей, КР Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.

Кечээ, 20-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөргөн. Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстан Республикасынан келген унга карата гана байкалаарын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстан Республикасынан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленген.

МАДУМАРОВДУН ИШИ: ДЕПУТАТТАР КОМИССИЯ ТҮЗГӨН ЖОК

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды.

Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирди.

Комиссия түзүү демилгесин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы көтөргөн. Ал эми депутат Гуля Кожокулова бул маселе боюнча  комментарий берип, эгер комиссия түзүлсө мыйзам чегинде туура баа берилмек деген пикирин айтты.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлган.

Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

АЯЛЫН БЫЧАКТАГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя тууралуу билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн түшкөн. Бычактан 1987-жылы туулган Н.А. аттуу келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Аталган факт Сокулук районунун ИИБсинде катталып, КР Кылмыш жана кодексинин 130-беренесине («Денеге оор залал келтирүү») ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, шектүү аялынын бети башын кескилеп, таң атканча кыйнаган.

ЧОЛПОН-АТАДА СЕЛ ЖҮРДҮ

20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду айылдарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда сел жүргөн аймактарда 50 куткаруучу жана атайын техника үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду тазалап жатышат.

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн, айрым жерлерде жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул айдын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, кароону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган. 

Количество просмотров: 313