• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыйын: Паранжа менен узун сакал. Депутат эмне дейт?

21 Жетинин айы 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коомдук жайларда паранжа, никаб кийип, бетин жаап жүргөн жана узун сакал койгон жарандарга айыппул салуу сушунталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ депутат Шарапаткан Мажитова тарабынан иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоорунун даярдалышына коопсуздук маселесин жүйө келтирилген.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, адамдын жүзүн идентификациялоого болбогондой бетин жапкан кийим кийген же узун сакал койгон жарандарга 2 миң сом айыппул салуу же 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Эгер жаран бул эреже бузууну кайталаса, ага 4 миң сом айыппул салынат же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.

Бул мыйзам Кыргызстанда убактылуу жүргөн, убактылуу иштеп жаткан же дипломатиялык статусу бар чет элдик жарандарга тиешеси жок. Ошондой эле жаран дарыгерлердин сунуштамасы менен бетин жапкан кийим кийсе, ага да айыппул салынбайт.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга чыккандан кийин коомдо кызуу талкуу жаратты.

Катышуучулар:

  • Шарапаткан Мажитова — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Таттуубүбү Эргешбаева — юрист.

Модератор — Кайыргүл Урумканова.

Количество просмотров: 4161