• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыйын: Санарип доорундагы китептин орду

2 Аяк оона 202516:03 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Санарип доорундагы китептин орду» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Элмира Мусаева — Чүй облусундагы Жайыл районунун Алтын айылдык кипепкананын жетекчиси;
  • Гульнура Аракеева — Улуттук медиация борборунун Нарын облусу боюнча координатору, КР Медиаторлор биримдигинин мүчөсү;
  • Токтогүл Осмокеева — мугалим, инклюзивдик билим берүү боюнча улуттук тренер, Нарын шаары.

Талкуу учурунда айымдар азыркы санарип доорунда китептин, китепканалардын орду канчалык, деги эле китепти колго алып барактап окуган адам барбы деген суроолордун айланасында сөз кылышты.

Количество просмотров: 1961