• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кыйын» тренинги жаш лидерлерди чогултту

2 Аяк оона 2022 12:37 Бишкек Govori.TV

2-3-сентябрь күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында жетинчи тренингин өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катталды.

Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 3 күндүк тренингдин алкагында маалымат берүү техникасы, лидерлик сапатты өнүктүрүү, маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Тренингди “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева, «Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы, гендердик эксперттер Римма Султанова менен Мырзаш Шабданбекова, ошондой эле маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрөт.

Окутуучу иш-чаранын жыйынтыгында жети дубандан келген 17 айым “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусуна катышып, «айымдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу» тренингинин сертификатына ээ болушат.

Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 334