• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыйын: Жаңы технологиялардын бүгүнкү күндөгү пайдасы

19 Баш оона 202518:01 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Жаңы технологиялардын бүгүнкү күндөгү пайдасы» деген тема талкууланат.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Нуржамал Эралиева — Чөйрө жаратман борборунун директору, Кумтөр эл айкын коомдук фондунун директору;
  • Зарема Урдолотова — Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты, «Умида» бреддин негиздөөчү;
  • Гүлбара Байчубакова — Кант шаардык кеңешинин депутаты,  Бишкек шаары. 

Талкууда сөз баштаган Нуржамал Эралиева 56 жашында айти тармагын окуп үйрөнүп, алган билимин башка адамдарга да кантип бөлүшүп, айти адистерин өстурүүгө салым кошуп калганын айтып берди.

«Айтишниктер көп, жаш балдар көбүнчөсү. Мен 2021-жылы 20 жыл компьютерде иштеп келе жатып каалайбызбы каалабайбызбы бул прогресске өтпөсөк болбойт болчу, ошондо мен «Бекер келечек» академиясына катыштым. «Өттүн» дешти, сүйүндүм. Мен 56 жашта болсом мен да өтөмбү деп абдан сүйүндүм. Ал жерде 4 миңден ашык киши өттү, Кыргызстан жана башка өлкөлөр боюнча. Кыскасын айтканда, бир жыл онлайн кечинде саат 9 дан 12-2ге чейин чыдап окуп, аягында 80дей гана айтишник окуду. Ошондо мен айтишник болуш оор экенин түшүндүм. Анан мен окууну бүтүргөн соң эми эмне кылам? деген суроо турду. Айти адиси болуу үчүн анын 1-класстан 11-класска чеинки окуудай эле өзүнүн түзүмү бар экенин тушүндүм. Анан компьютерди билбесе эским айтишник боло албайт деген тыянак менен мен ошол өз аймагыбыздагы жаштарды онлайн жана офлайн окутуп баштадык», — деди ал.

Ал эми талкуунун дагы бир катышуучусу Гүлбара Байчубакова жаңы технологиялардын өсүп-өнугүүсү жакшы, колдоого алаарлык иш экенин белгилеп, бирок ар бир жаңы куралды туура өз орду менен колдонуу керек деп эсептей турганын айтты.

«Жаш балдар бизге караганда жаңы технологияларды бат өздөштүрүшөт жана бат кабыл алышат. Мисалы мен жасалма интеллектти мына ушул семинарда гана биринчи колдонуп көрдүм. Мен бул нерсе биздин жумушту жеңилдетчү жакшы нерсе экенин түшүндүм. Бирок ошонун баарын биз туура колдоушубуз керек деп ойлойм. Мисалы азыр балдар үй тпшырмаларын кылганда ошол ChatGPT менен эле көчүрүп алып аткарып жатышат да. Мен бул куралдарды колдонушсун бирок, аны туура багытында колдонсо дейм. Мисал үчүн үй тапшырманы аркарып жатканда жообун эле көчүрүп албай эгер ал темага түшүнбөй калса ошол тема тууралуу кенен маалымат алышсын. Интернет бизге кошумча маалыматты абдан кенен берип жатпайбы. Мурда биз маалыматты китеп барактарынан издесек, азыр оңой болуп жатат да», — дейт ал.

Жаңы пайда болуп жаткан технологиялардын жакшы жактарын алуу маанилүү экенин айткан Зарема Урдолотова жаңы технологиялар анын ишмердүулүгүндө кандай таасир бергенин айтып берди.

«Биздин балдарыбыз ушундай билимдеге суусап турат да. Мисалы, илгери мына колго кагазга сызгыч, карандаштын жардамы менен кийимин үлгүсүн түшүрсөк, ал эми азыр мунун баарын ноутбуктан жасай алабыз. Жаштарыбыз үйрөнсө жакшы деген ой да. Мисалы мурун кийимдин үлгүсүн колго жасачубуз, азыр болсо ошону ыңгайлуу түрдүү онлайн куралдар менен кыла алабыз. Азыркы учурда бир гана кара күч менен ийгиликке жетпейт экенбиз да. Бир гана билим менен, ушул Кыргызстанда, айылдын бурчунда эле олтуруп алып кийим үлгүлөрүн жасап жатса болот экен», — деди ал.

Количество просмотров: 2016